КРнын эл акыны, айтылуу төкмө Рахматулла Козукеевге иштешкендери ат мингизишти. Бул тууралуу Чынгызхан Кожош социалдык тармактагы баракчасында сүрөттөрдү жүктөп, устатына ыраазычылыгын билдирген.
«Өрнөктүү карысы болбой, өнөрлүү жаштары болбойт» деген кыргыз элинин кымбат кеби бар. Биздин багыбызга төл өнөрүбүздүн жүгүн аркалап, касиетин карманган, тартынбай эле «заман залкарлары» деп атасак жарашчу Замирбек Үсөнбаев, Назаркул Сейдрахманов, Табылды Актанов, Түгөлбай Казаков, Рахматулла Козукеев, Нурлан Нышанов, Амантай Кутманалиев өңдүү аксакалдарыбыз баш болгон, андан кийинки буркан-шаркан талант ээлери азыркынын алптары Рыспай Исаков, Роза Аманова, Азамат Болгонбаев, Самат Көчөрбаев, Замир Баялиев, Максат Кулуев, Кундуз Таштаналиева, дагы аты аталбай калган эл сүймөнчүлүгүнө айланган бир топ ага-эжелерибиз менен куттуу Manas Teatryнда кесиптеш, насиптеш болуу буйруп турат.
Мындан келди, төкмөлүк өнөрдүн жел аргысы сылап, нуру чарпып кеткен менин муунумдагы үзөңгүлөштөр, бизден кийинки толкун ушул улуу муундун чачпагын көтөрүп, кешигин ичип, изин басып, ордун толуктай алар бекенбиз деп аракет кылып жүрөбүз. Ага Жараткан калыс, калк тараза.
Былтыр театрыбыз ачылып бир топ жакшы иштер болду. Анын барын санаштын кажети жок. Наркка тунуп, каадага карк иштерибиздин бири Устаттарыбыздын алдына ат тартып, батасын алып, бабалардын баяндуу жолун уласак деп далалат кылуудабыз. «Төкмө акындарда ынтымак жок, ал экен, бул экен…» деген сыяктуу куттуу үйдө кеп кылынбачу сөздөргө жел сөз менен эмес, жемиштүү иштер менен жооп бергендей болдук. Маселе анда деле эмес, маселе өнөрдүн жолунда. Өткөн жылы республикабыздагы жалпы төкмө акындар, анын ичинде көпчүлүгү Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенгендер ушул иштерди колго алып ынтымак-ырктын, бир түндүктүн алдында бириккен тилектештиктин үлгүсүн көрсөтүп устатыбыз Замирбек Үсөнбаевге ат тартуулап, батасын алганбыз. Быйыл бул жөрөлгөбүздүн жолу КР эл акыны Рахматулла Козукеев атабызга келди. Жалпы кыргыз төкмөлөрү жабыла жүк көтөрүп, Устатыбыздын ден соолугун сурап, көңүлүн улап батасын алдык. Бар болуңуз, Устат!»,- деген ал.