7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ант берүү аземине чакырылган коноктор чогулууда

336

Бүгүн, 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт. Учурда чакырылган коноктор топтоло баштады.

Ант берүү аземи аяктагандан кийин Жапаров кызматына расмий киришет.

Инаугурация аземи учурунда 2500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бишкек шаарындагы Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилбейт. Кортеж өтүп бараткан убакта гана унаалар бир нече мүнөттөргө токтотулат.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана маданияттуу болууга, унааларын жолдун боюнда токтотуп кетпөөгө чакырат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

336