7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

40 млн сомдук зыян. Чет өлкөлүк жаран менен бир нече кызматкер кармалды

699

Чет өлкөлүк жаран жана Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин (фитосанитардык кызмат) кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан “Мыйзамсыз ишкердик” жана “Коррупция” фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө,  бул адамдар салык төлөөдөн качуу максатында, түндүк көзөмөлдөп өткөрүү пункттары (Чалдовар, Ак-Тилек, Ак-Жол жана Чоң-Капка унаа жолу) аркылуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө айыл чарба жана башка продукциялар жүктөлгөн жүк ташуучу унааларды өткөрүү үчүн зарыл болгон жүк ташуучу документтерди даярдоонун туруктуу мыйзамсыз схемасын уюштурушкан.

Аталган чет элдик жаран Чүй-Бишкек өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин башкармалыгынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, салык органдарына жалган фирмаларды каттоодон өткөрүп, ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды тиешелүү жол-жоболордон өткөбөстөн тоскоолдуксуз экспорттоого ишкерлерге акчалай сый акы алуу үчүн жүк ташуучу документтерди сейф менен камсыз кылгандыгы аныкталды. Жалпысынан мамлекетке 40 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Октябрь райондук сотунун чечими менен аталган жарандар КР юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын №21-тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Кошумча ыкчам-издөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

700