Ошто “Ата Журттун ажары” парк-аллеясы салынууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын айланасына жети облустун жана Бишкек, Ош шаарларынын кереметтүү жаратылышын, кооз жерлерин чагылдырган “Ата Журттун ажары” парк-аллеясы курулууда.
Толук эмгекти 15-августка чейин бүткөрүү каралган.