1-августта Чүй облустук соту блогер Эртай Искаков менен конуш тургундары Бакыт Балбаев жана Бакыт Бекболотовдун доо арызын карап, натыйжада эки айга камаган Сокулук райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.
Маалыматка ылайык, сот жабык өтүлүп, кармалгандардын жакындары нааразы болушкан.
Эскерте кетсек, 14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Кармалгандар жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.