Транспорт министрлигинин пресс-катчысы Данияр Абдыбеков Батыштан каржыланган медиалар тууралуу айтып, “чекИТ.медиа” деген иликтөө тобу жөнүндө өз оюн билдирди.
“5-6 сайт биригип “чекИТ.медиа” деген иликтөө тобун түзүп алышкан. Курамында Дилбар Алимова, Али Токтакунов, Болот Темиров жана башкалар жетектеген журналисттер иштейт. Акыркы убакта иликтөө деп эле женил-желпи осол маалыматтарды таратып жатат. Алардын акыркы жолку материалында мамлекеттик мекемелерде иштеген пресс-катчыларды, бийликтин тарапташтарын “троллдор, фейктер, кошоматчылар” деп үстүбүздөн ылдый жугунду куюп салыптыр.
Мамлекетибизде болуп жаткан, аткарылган, ишке ашкан жакшы жаңылыктарды коомго жеткирип туруу — бул биздин кесиптик милдет. Өлкөбүздө болгон жакшы иштерди сыймыктануу менен айтабыз, андан эмнеге уялмак элек?
Кыргызстанда мен, ар бирибиз, силер дагы жашайсыңар, абасына дем алып, суусун ичип, тузун татып. Бирок силердин максат менен биздин максат тилекке каршы эки башка. Жашыруун эмес, силер чет элдик булактардан каржыланасынар, алар берген багыттан чыга албайсынар. Өз өлкөнөрдү каралап, жамандап нан табасыңар. А биз эл үчүн кызмат кылабыз, мамлекеттен айлык алабыз. Айырма ошол. Силерге жагыш үчүн Кыргызстаныбыздын репутациясын түшүргөн кыянатчылыкка барбайбыз.
Мурда мамлекеттик органдарды каалаганча тебелеп, жалаа жаап, каралап, элге жаман көрсөтүп, коомчулукту козутуп, тынчтыкты бузуп, баш аламандык чыгарып көнүп калгансыңар. Ал кезде пресс катчылар унчукпай тенелчү эмес. Акыркы кезде Мамлекеттик ТВ, пресс катчылар силердин калпынарга, манипуляцияңарга ыкчам жооп берип, өзүнөрдү уят кылып жатат. Аргаңар түгөнгөндө кайдагы бир калптарды айтып, белгисиз үндөрдү өзгөртүп окуп, жалаа жаап, уят болуп жатасынар. Силерге айтарым, мынчалык пастыкка барбагыла. Эмне десенер дагы биздин ынтымагыбызды буза албайсыңар. Улам сокку уруп жалтантабыз деген аракетиңерден эч майнап чыкпайт. Кээде мамлекетти жамандай берип, өз абийириңер алдында уялат бекенсиңер деген суроо жаралат.
Урматтуу чекИТчилер, силерге жообум ушундай”,-деген билдирүү калтырган.