Бразилияда дүйнөнүн эң кары адамы аталган 127 жаштагы Сеу Жозе Паулино Гомес каза болду. Бул тууралуу “G1” порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, карыя 1895-жылы августта төрөлгөн. 28-июлда Минас-Жерайс штатында каза болгон. Ал бир жумадан кийин 128 жашка толмок.
Гомес өмүр бою мал чарба менен алектенген. Ден-соолугунун начарлашына байланыштуу 4 жыл мурун ат минүүнү токтоткон.