7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түп районундагы селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды

800

 Бүгүн, 4-августта саат 11:00гө карата Түп районунун Кең-Суу жана Байзак айылдарында селдин кесепеттерин жоюуга 130 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 29 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам, жалпы 170тен ашуун адам иш алып барууда.

Техникалык жумуштарды аткарууга ӨКМден 12, Жарандык коргонуу кызматтарынан 8 техника тартылып, учурда тазалоо иштери жүрүүдө.

Жарандык коргонуу кызматы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Каркыра айыл аймагында ӨК министринин орун басары полковник У.Шамыркановдун көзөмөлүндө Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктук өкүлүнүн жетекчилигинде облустук штаб уюштурулуп тиешелүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттон чогулган сел жогоруда аталган айылдарда үйлөрдү каптап, бир катар зыян келтирген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

801