7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Футболчу Алыкулов “Неман” клубу менен 1,5 жылга келишим түздү

831

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Беларустун Жогорку Лигасында ойногон гродненсктик «Неман» футболдук командасы менен бир жарым жылга келишим түздү.  Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, Неман учурда Конференция Лигасынын квалификациясынын 3-раундунда.

Учурдагы 2023-жылкы сезондо «Неман» Белорусь чемпионатында 1-орунду ээлейт — 10 жеңиш, 2 тең чыгуу жана 2 жеңилүү.

Гүлжигит буга чейин 2019-жылдын сезонунда «Неман» үчүн ойногон — 24 беттеш, 4 гол жана 4 голдук пас.

2020-2023-жылдары Алыкулов «Кайраттын» курамында ойногон — 99 беттеш, 13 гол жана 13 голдук пас.

Гүлжигит Кыргызстандын Улуттук курамасында 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган. Анда 21 беттеш өткөрүп, 3 гол киргизди.

 

 

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832