7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тогуз-Тородо милициянын көчмө кабылдамасы эл аралап арыз-даттанууларын кабыл алышууда

342

Тогуз-Тородо райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдама унаасы менен район аймагында профилактикалык жумуштар улантылууда. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кызматкерлер Атай айыл аймагын аралап, жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын да кабыл алып жатышат. Алар мал уурулуктарын болтурбоо үчүн ар бир жаран өз карамагындагы мал-жандыктарына көзөмөл салуу керектигин эскертишүүдө. Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алууда кайдыгер карабастан, кандай гана терс көрүнүштөр орун алса милицияга билдирип, тыгыз кызматташууга үндөшүүдө.


Тогуз-Торо районунун Атай айыл аймагынын тургундары бул унаа менен болгон кыдыруулар оң таасирин тийгизип жатканын белгилешти. Алар милициянын учурда аткарып жаткан жумуштарын алкоого алышып, кызматкерлердин иштерине ийгиликтерди каалашты.


Эске салсак Тогуз-Торо РИИБдин милициянын көчмө кабылдама унаасы өткөн жыл ичинде 92 жолу аймактарды кыдырууга чыгып, 122 жарандан ар түрдүү мазмундагы кайрылууларды кабыл алган. Алардын ичинен 112 кайрылуу чечилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

343