7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандан мыйзамсыз мал айдап өткөргөндөр кармалды

307

Кечээ, 1-февралда Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз мал айдап келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.


Анын айтымында, шектүү катары Кыргызстандын 50 жаштагы жараны кармалган. Жалпы бодо малдын жана жылкынын чыгымы 570 миң сомдон ашкан.


«Ошол эле күнү чек арачы дагы бир 52 жаштагы кыргызстандыкты кармады. Ал жылкыны Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган. Документтер толтурулгандан кийин, мал жана шектүүлөр укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — деп берилет маалыматта.


Белгилей кетсек, 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин чек арачылар мамлекеттик чек арадан ири мүйүздүү малды айдап өтүү фактысынын 11 фактысынын алдын алышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

308