7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда 36 мектептин курулушу жүрүп жатат

572
8-августта Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылында курулуп жаткан №18 “Манас-1000” жалпы билим берүүчү орто мектебине барды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Аталган билим берүү мекемесинин курулушу 2019-жылы башталып, аягына чыкпай келген. Бул жылы республикалык бюджеттен бүткөрүүгө керектүү каражат бөлүнүп, жумуш жанданган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылууда. Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, негизги жумуштар аяктаган. Облус башчысынын орун басары курулушка керектүү каражат ажыратылганын, сапатка өзгөчө көңүл буруп, иш ыргагын тездетүү үчүн кошумча жумушчу күч тартуу тапшырмасын берди.
Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгынын Кыргызстан айылында жайгашкан “Манас-1000” мектебин ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.
Эске салсак, учурда Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат.  Жыл аягына чейин анын 20сы ишке берилмекчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573