7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанда келин жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка салып, көчөгө таштап койгон

990

Бухара облусунун Каракөл районунда милиция кызматкерлери көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай оролгон жашыл баштык таап алышкан. Бул тууралуу Podrobno.uz жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-августта саат 01:30дар чамасында болгон.  Тартип сактоочулар оорукананын имаратынын жанынан баланын ыйын угушкан. Айлана-чөйрөнү текшере баштап, жашыл баштыкка салынган ымыркайды таап алышкан.

Баланы жакын жердеги оорукананын балдар бөлүмүнө алып барып, ага керектүү жардам көрсөтүлгөн.

Иликтөө иштери башталып, 4-август күнү 28 жаштагы келин бул ымыркайды дарыгерлердин жардамысыз төрөп, андан соң ымыркайдан кутулууну чечкени белгилүү болгон.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

991