Президент Садыр Жапаровдун «Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту сактоо» жашыл мурас жарлыгынын алкагында Токтогул шаардык жергиликтүү бюджеттен 180 миң сомдон ашык каражатка ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулган.
Учурда көчөттөрдүн баарына суу жетпей, куурап калган. Шаардын жашоочуларынын айтымында, жашылдандырууга кайдыгерлик мамиле болуп жатканын, куураган көчөттөргө эч ким карабай койгондугун айтып, нааразычылыгын билдиришти.
“Токтогул шаарында суу жетиштүү, бирок мэриянын кызматкерлеринин шалаакылыгынан ушундай көрүнүштөр болуп жатат. Токтогул шаарынын мэри Кылданов Сапар бул боюнча эч кандай иш алып барбай жатат”,-деп 7-каналга жергиликтүү жашоочулар билдиришти.