Ош облусунун Ноокат районунуна караштуу Көк-Бел айылынын тургуну 66 жаштагы Карим Бакиров жөө жүрүш кылып,Оштон Бишкекке жөө басып келе жатат. Бул тууралуу 7-каналга катталуучулар жөнөтүштү.
Карыянын айтымында, ал 11 күндөн бери жолдо.
“Мурдагы жылы велосипед менен Бишкекке 6 күндө кирип баргам, быйыл жөө барып көрөйүн деп ниет кылгам. Биринчи жолу жөө кетип жатам, ден-соолугум жакшы”,-деди ал.
Видеонун автору , ак сакалга ак жол каалап, батасын алды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram