Балыкчынын 64 жаштагы тургуну Ысык-Көлдү 3 күндө велосипед менен айланып чыкты.
Таштан Иманов 7-августта Балыкчы шаарынан Ысык-Көлдүн тескей тарабы менен жолго чыгып, бүгүн көлдү ийгиликтүү айланып, Балыкчыга кайтып келди. Ал мындай жол менен ден соолукту чыңдоого жана жаштарды сергек жашоого үндөөгө чакырат.