Бүгүн, 11-августта кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Борбор Азия жаштар форуму” Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух-Ордо” маданий борборунда расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алгач Манастан үзүндү айтылып, андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматов тууралуу видео тасма тартууланды.
Ачылышка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максутов катышып, боордош элден келген жаш лидердерди, катышуучуларды Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл өрөөнүндө өтүп жаткан форумдан көрүп жатканына кубанычта экенин билдирип, алдыда келе жаткан 12-август «Эл аралык жаштар күнү» менен жылуу куттуктады.
Алтынбек Максутов өз сөзүндө жаштар үчүн маданият, маалымат жана спорт тармагы абдан маанилүү экендигин белгилеп, “Маданият-бул улуттун жүзү. Ачылыш аземде мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын улуттук академиясынын академиги Османакун Ибраимов сөз сүйлөп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адамдык жана чыгармачылык бейнесине кеңири токтолуп, “анын өзгөчөлүгү- ал өзүн бир гана кыргыздын уулу эмес, казак, өзбек, татар, азербайжан тагыраак атканда түрк элинин уулумун деп эсептечү. Мисалы, ал өзүнун “Кылым карытар бир кун” романын казак элине арнаган. Ал постсоветтик Борбор Азиядагы чек-араларга каршы болчу. Ал түрк элдерди бир эл деп саначу”-деди.
Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов Чыңгыз Айтматов чынында чек ара деген терминге сыйбаган чексиз жазуучу экенин белгилеп, биздин боордош өлкөлөрдө жаштар арасында чек ара, болбошу керектигин, бул форум Борбор Азия өлкөлөрдун ортосундагы ынтымакка, биримдикке салым кошооруна ишенерин билдирди.
Ошондой эле, ачылыш аземде Казакстандын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин өкүлү Алмагуль Кутанова, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам палатасынын алдындагы Парламенттик изилдоо институтунун өкүлү, жаштар парламентинин төрайымы Шахноза Жолдасова сөз сүйлөп, өз өлкөлөрүнүн жаштар саясаты, жаштарды колдоо жаатындагы ишке ашкан жана иштеп жаткан ири программа, долбоорлор жөнүндө баяндама жасашты.
Борбор Азия жаштарынын башын бириктирген бул форумдун максаты-жаштардын жана жалпы эле коомдун өнүгүүсүнө шарт түзгөн жаратман идея, тажрыйба жана билим алмашуу аянтчасын түзүү болуп саналат. Форумдун панелдик сессияларына Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген жаш делегаттар, көрүнүктүү жаш лидерлер, активисттер, мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Форум 12 — август күнү жыйынтыкталып, жаштардын тажрыйба алмашуусуна, достук мамиле түзүүсүнө арналган ири жана туруктуу аянтча болуп калмакчы.