7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас аэропортунун жолунда 16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан балдар кармалды

218

Манас аэропортунун унаа жолунда 16 жаштагы кызды ала качып бара жаткан балдар кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн, 3-февраль күнү саат 09:00 чамасында Чүй ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору 2004-жылы туулган кызды ала качып бара жаткан жарандарды кармаган. Анда алар Бишкек-Манас унаа жолунда жайгашкан стационардык посттунда колго түшкөн.

«Инспекторлор стационардык посттон 2001-жылы туулган айдоочу айдап бара жаткан Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерип жатканда, ал аябай тынчсызданып кандайдыр бир шек жараткан. Ошол убакта унаанын ичинен бирөө унаанын терезесин катуу такылдатып жаткандыгын байкашкан. Эшикти ачканда унаанын ичинен ыйлап отурган кызды көрүшкөн. Жанында 20 жаштагы жигит отурган. Кызды суракка алышканда аны Токмоктогу билим берүү мекемелеринин биринен ала качып, аэропорттун жанындагы айылдардын бирине алып бара жатышканын айткан.

Мындан улам айдоочу менен унаада отурган 20 жаштагы эки жаранды кармап, Сокулук РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

219