7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүй облусунда өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды

229

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өз кызын зордуктоого шектелген ата кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2-февраль күнү Пригородное айылынын 19 жаштаны тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арызда атасы зордуктаганын айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

«Тергөө учурунда жабырлануучу кыз 1-февраль күнү саат 17:00 чамасында атасы күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Андан соң апасы экөө милицияга арыз жазышкан. Мындан тышкары, арыз ээси биринчи жолу атасы аны 2019-жылы зордуктаганын кошумчалаган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1984-жылы туулган Т.И. аттуу кыздын атасы кармалган. Шектүү Орусиядан январь айынын ортосунда келген. Учурда кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө»,  деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

230