7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнө чемпионаты: Калмира Билимбек кызы коло үчүн күрөшөт

655

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы (59 кг) Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Калмира Билимбек кызы килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту. Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн кармаш бүгүн, 17-августта өтөт. Калмира Билимбек кызынын атаандашы польшалык Александра Витос менен түркиялык Севим Акбаштын ортосундагы беттеште жеңген спортчу болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

656