7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте синтетикалык баңгизаты менен мыйзамсыз алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды

481

Бишкек шаарында синтетикалык баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген милиция кызматкерлеринин тобу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлер тобу кармалгандарга  синтетикалык «кыстармалар» деп аталган Telegram жана WhatsApp мессенджерлери аркылуу жеке колдонуу үчүн синтетикалык баңгизаттарды саткандыгы аныкталган.

Кылмышка тиешеси барларды видеого тартып тергөө камак жайга камайбыз деп коркутуу менен кармалгандардан акча талап кылып жүрүшкөн.

Коркутуулардын жана психологиялык басымдын натыйжасында кармалган жарандар ИИМдин аталган кызматкерлерине 20 000 сомдон 5 000 АКШ долларына чейин акча каражатын өткөрүп берүүгө мажбур болушкан, алар талап кылынган сумманы алгандан кийин баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүнүн аныкталган фактыларын жашырып, кармалгандарды бошотушкан.

Тергөөдө акыркы 2 жылда гана болгон 200дөн ашык ушул сыяктуу фактылар боюнча маалыматтар алынган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

482