7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатында «Ынтымак» командасы чемпион болду

686

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунда “Достук” кубогу үчүн бүгүн, 20-августта финалда Кыргызстандын «Ынтымак» жана Казакстандын «Астана» командалары оюнга чыкты. Биринчи таймда «Ынтымак» командасынын оюнчулары 3 салым таштап эсеп 3:0 болду.

Экинчи таймды «Ынтымак» командасы кайрадан курч чабуулдар менен баштады. 2-бөлүктө «Ынтымак» командасынын оюнчулары 4 салым, Казакстандын «Астана» командасы 1 салым салууга жетишти. Ошентип 2-тайм 7:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Үчүнчү таймда «Ынтымак» командасынын оюнчулары дагы 3 салым салууга жетишти. Ошентип финалдык беттеш 10:1 эсебинде «Ынтымак» командасынын жеңиши менен аяктады.

Ушуну менен бир аптага созулган көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогу быйыл биринчи жолу Кыргызс республикасынын көк бөрү федерациясы тарабынан өткөрүлүп жатат. Мелдешти 2 жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687