13-мартта “Тик ток” социалдык тармагында Азимбек Бекназаров аттуу жаран президентке кайрылуу жасап, ал кайрылууда “Руслан аттуу уулунун унаасынын тормозной шлангдарын кесип, жол кырсыгына кабылттыңар, үй-бүлөмө тийишпегиле” жана башка ушул сыяктуу кайрылуусу интернет тармагына тараган.
Аталган факт Чүй ОИИББге катталып, сотко чейинки териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын тез жардам кызматынын фельдшери 1979-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран суралып, ал төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.
12-мартта болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек — Манас аэропорт унаа жолунун 6 чакырымында “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1981-жылы туулган Бекназаров Руслан аттуу жаран ошол эле Бишкек шаарын көздөй багыт алып бара жаткан жүргүнчү ташуучу М.В. аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны жол эрежелерин сактабагандыктан сүзүп алып, жол кырсыгына кабылган.
Б.Р. аттуу жаранга тез жардам кызматкерлери тарабынан биринчи жардам көрсөтүлгөн жана айдоочулар өз ара чечишип алдык дегенине байланыштуу, милиция кызматкерлерине кабар беришпегенин билдирген.
Учурда тергөө-ыкчам тобу тарабынан жол кырсыгы боюнча тийиштүү күбөлөр суралып, автоунаалар атайын унаа токтоочу жайга киргизилип, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалды.
Ал эми, “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унааны соттук-автотехникалык эксперттин катышуусунда кароо жүргүзүү учурунда, ал унаанын токтотуучу (тормозной) системасы жана шлангдары кесилбегендиги жана тормоздук суюктугу челегинде өзүнүн нормасындагы абалда болгондугу аныкталды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.