Этнограф, тарыхчы, кыргыз өнөрүн изилдөөчү Жылкычы Шаршембиев: Кыргыз боз үйү, анын келип чыккан тарыхы жана өзгөчөлүктөрү тууралуу китеп жазып атам, бүтүп калдым. Боз үй – түрк жана моңгол боз үйү деп эки негизги түргө бөлүнөт, түрктүкү – кадимки эле кыргыз боз үйү. Моңголдор пайдаланган жыгач ийне жалбырактуу дарактыкы болгондуктан, ал ийилбет, ошондуктан моңгол боз үйүнүн ууктары тикелей эле керегеден түндүккө түз кетет. Менин негизги билимим сүрөтчүлүк болгондуктан, китептин сүрөттөрүн өзүм тарттым.
«Кыял» бирикмесинде иштеп жүргөнүмдө ат жабдыктарына кызыгып, ээр чаба баштагам. Боз үй тууралүү китебим, буюрса, жарыяланып калса, андан кийин ээр жана деги эле ат жабдыктары жөнүндө да китеп баштайм го. 1980-жылдардын аягында Москвага АКШ президенти Рональд Рейган келгенде, ал өзү ковбой болгондуктан, Михаил Горбачёв ага эстеликке ээр-токум тартуулаган. Ошол ээрди мен чаап, жасалгалап бергем… Кийин биздин каскадёрлор чакырып, бир нече жыл Москвада да иштеп калдым…