Эл аралык «Аалам сулуусу» сынагына Кыргызстандан Майя Турдалиева катышат. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасынан билдирди.
Сынак 16-ноябрда Мексикада өтөт. Учурда кыргызстандык бийкеч аталган өлкөдө башка катышуучулар менен чогуу даярданууда.
Эске салсак, 2023-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынагын үч бийкеч жеңип алган. Анын бири Майя Турдалиева ошондо эл аралык «Аалам сулуусу» сынагына катышуу укугун алган.