Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, иш сапары менен Сауд Аравия Королдугуна (Эр-Рияд шаары) кезексиз Биргелешкен араб-ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси / Ислам Кызматташтык Уюмундагы Кыргызстандын Туруктуу өкүлү Улукбек Марипов.