Баш-аягы билинбеген душмандын колу менен кыргыздардын чабышы жети жылга созулат. Акыры кыргыздар көптүккө салып жеңишке жетип, тоо аралап кол салып келе жаткан душмандын мизин кайтарышат. Жоо аргасыз жеңилип, артка сүрүлөт.
Илбир-илең жаны калган, ириң-көлчүк каны калган душмандын Ханы үч бүркүм аскери менен артына кайтат. Тай үркүтөр алы да жок, таң жылытар табы да жок, кунарсыз күңүрт баскан, берекеси кеткен айыл. Ар кайсы үйдөн үрпөйүп үшүгөн, үймөлөктөп тамак жеп, ач карындап шишиген элин көрүп жаны кейийт.
Эптеп эки жагын жыйып, эсине келгенден кийин кеңешмендерине кайрылып: «Бул элдин камчы таяп карып калган чалдарын да, жалга колу жаңы жеткен балдарын да, бакан үйрүп баш бербеген зайыптарын да көрдүк. Түбүнө жетебиз деп түгөнүп кала жаздадык. Эми элдешип жашайлы, кош аттап чабарман чаптыргыла, элчиси келсин, тосууга кам көргүлө!» деген өкүмүн айтат.
Кабар жеткенден кийин кыргыздан Демикей деген даанышманы кош жигит алып, турган жердин топурагынан куржунга шыкай салып элчиликке жолго чыгат. Аземдеп жабдылган сарайдын астынан тосуп алган жан жөкөр Элчини кийирип, хандын маңдайына кастарлап салынган алты кабат төшөктү сунуштайт.
Демикей даанышман куржундун эки көзүнө сала келген топурагын ага арналган алты каттын үстүнө төгүп, анан ага отурганын көргөнгө делөөрүй түшкөн Ханга карап: «МЕН ӨЗ ЖЕРИМДИН ТОПУРАГЫНЫН ҮСТҮНДӨ ОТУРАМ! ХАН, СЕНИ МЕНЕН ТЕҢ АТА СҮЙЛӨШӨМҮН!» дегенде, акыл-айлага таң калган Хан менен Элчинин кеби тең чечимдүү бүткөн экен.