Бүгүн тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда +31…+36,
- Талас өрөөнүндө +30…+35,
- Ош, Жалал-Абад+33…+38
- Баткен аймактарында +33…+38,
- Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө +23…+28 градуска ысыйт.
Эскерте кетсек, Бишкек жана Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +34…+36, Ошто +36…+38, Чолпон-Ата шаарында +23…+25 градусту көрсөтөт.