Өзбекстанда жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдарга 500 миң сумдан жөлөк пул берилет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 30-июнда Жаштар менен студенттердин форумунда билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстанда «Темир дептер» былтыр түзүлүп, ага аз камсыз, үйүндө майып киши бар, социалдык коргоого муктаж үй-бүлөлөр, жалгыз бой кары-картаң кишилер, туруктуу жумушу жок жарандар жана карантинден улам ишсиз калган жарандар киргизилген.
«Мындан тышкары жаш үй-бүлөлөргө ипотекалык программа боюнча турак жай алууга кошумча 2 миң квота каралып, бул максатта бюджеттен 60 миллиард сум (5,6 миллион доллар) бөлүнөт. Ошондой эле жаш үй-бүлөлөр ипотекалык насыяга төлөп жаткан каражат толугу менен киреше салыгынан бошотулат»,-деп берилет маалыматта.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мирзиёев «Темир дептерге» кирген үй-бүлөлөрдөгү абитуриенттер үчүн алардын алгачкы жылдагы контракттары бюджеттен төлөнө турган тартип киргизилерин билдирди.
Белгилей кетсек, Мирзиёев «Темир тизмеге» кирген үй-бүлөлөрдөгү балдар никеге турганда аларга кошумча турак жай куруу үчүн 33 миллион сумдук (3 миң доллардан ашык) күрөөсүз насыя берүү системасы түзүлөрүн кошумчалады.