7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абайлаңыз! Ысык-Көлдө эреже бузган айдоочулар дрон менен аныкталып жатат

227

Туристтик мезгилдин башталышын утурлай, Ысык-Көл облусунун аймагында унаалардын саны көбөйүп, жол эрежелерин бузуу фактылары көбүрөөк байкалууда.

Мындай фактыларды эске алуу менен жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун коопту жол тилкелерине дрон учурулуп, анын жардамы менен каршы тилкелерге чыккан, алдыдагы унаалардан туура эмес ашып өтүү, озуп өтүү эрежелерин бузган жана катуу ылдамдыкта айдаган айдоочулар аныкталууда.

Бул иш-чара учурунда жыйырма мүнөттүн ичинде 7 одоно эреже бузган айдоочулар аныкталган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда “жол эрежелери учуучу аппарат менен көзөмөлдөнөт” деген эскертүү табличкалары орнотулган.

Алдыдагы туристтик мезгил учурунда бул унаа жолдордо да дрон учурулуп, анын жардамы менен эреже бузган айдоочулар аныкталып, тийиштүү чаралар көрүлөт.

228