7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактагы киши мурунку бизнес өнөктөшүн өлтүрүүгө буюртма берген

150

Абактагы киши мурунку бизнес өнөктөшүн өлтүрүүгө буюртма берген. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Милицияга оор кылмыш жасап, соттолгон адамдар киши өлтүрүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан соттолгон жаран өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрүүнү көздөп, буюртма аткарууга киши издеп жаткандыгы аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш ортодо карыз акчадан болгон кастыктан улам уюштурулган. Адам өлтүрүүнү көздөгөн жаран өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча соттолгону жана ал мурун мамлекеттик кызматында иштегени маалым болгон. Ал «жок кылууну» ниеттенген жаран анын мурдагы бизнес өнөктөшү болуп, отставкадгы полковник экендиги аныкталган»,— деп айтылат маалыматта.

 Кылмыш-жаза кодексинин 36-122-беренесинин «киши өлтүрүүгө даярдануу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Буюртма берген адам киши өлтүрүү фактысы кокустуктай болушу керек деген шарт коюп, фото жана видео жөнөтүүнү талап кылган. Ошондой эле, «жумуш кылгандан» кийин 30 миң доллар акчаны бирөөлөр алып келип берерин айткан.

Ыкчам кызматкерлер адам өлтүрүүнү жасалма кылып уюштуруп, кылмыштуу буйрутманын аткарылышын тастыктаган фото жана видео даярдашып, буйрутма аткарылганын ырастоо үчүн жөнөтүлгөн. Иш аткарылганына ишенген «кардар» акчаны төлөп берген.

15-декабрда «адам өлтүрүү» үчүн акчалай сыйлык алып келген 32 жаштагы жаранды кармашты. Ал жаран кылмышка буйрук берген адамдын жакын тууганы болуп чыгып, камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

151