7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548 млн сом жөлөкпул төлөндү

467

Жыл башынан бери өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548 млн сом жөлөкпул төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

2024-жылдын 1-январынан тартып КР министрлер кабинетинин токтому менен тегиз жерлерде иштеген аялдар үчүн 11-иш күнүнөн тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун өлчөмү көбөйтүлдү.

Жөлөкпулдун өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 10дон 20га чейин көбөйдү, бул 100% га (1000 сомдон 2000 сомго чейин) жогорулатууга туура келет. Ал эми жөлөкпулдун орточо өлчөмү жогорулаганга чейин 3600 сом болсо, 2024-жылдын 1-январынан баштап 7500 сомду түзөт.

2024-жылдын 1-декабрына карата министрлик 26 миң 498 аялга кош бойлуулук жана төрөт боюнча 548,5 млн сом жөлөкпул төлөгөн.

468