Бишкекте, абактагыларга наркотикалык каражат ташып жүргөн жаран колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 23-апрелде Жамгырчинова көчөсүнөн А.А нын башкаруусундагы BMW үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, кароого алынат.
Натыйжада, жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заты бар брикеттер табылды, деп айтылат маалыматта. Жалпысынан милиция кызматкерлери 30 брикет санап чыгышкан.
Экспертиза аталган зат гашиш экендигин далилдеген жана анан салмагы 8 кг 262 грамм болгон.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кармалган баңгизат 1984-жылы туулган чет элдик унаанын айдоочусу А.А.га таандык, ал аларды түзөтүү мекемелеринин бирине соттолгондорго сатууну көздөгөн, деп билдирет Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы.
Учурда ыкчам иш-чаралар улантылууда, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.