7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Абалы белгисиз». Орусиядагы кырсыктан соң 3 кыргыз жараны ооруканага жаткырылды

976

Орусиянын Ульяновск облусунда катталган жол кырсыгынан 3 кыргыз жараны ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен маалымдады.
Маалыматка ылайык, алар эки эркек, бир аял киши, учурда алардын абалы белгисиз.

Эске салсак, кечээ, 21-август күнү Ульяновск облусунда жол кырсыгы катталып расмий маалымат боюнча 16 адам каза болгон. Алардын 14ү кыргыз жарандары.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган кыргыз жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

977