7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абанын сапатын аныктоочу «Clarity Node-S» 50 монитору ӨКМге берилди

241

Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов абанын сапатын аныктоочу «Clarity Node-S» 50 мониторун өткөрүп берүү салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жабдуулар «Алматы — Бишкек экономикалык коридору» демилгесинин алкагында борбордо жана ага жакын жайгкашкан райондордо абанын сапатын жакшыртуу эсебинен шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатуу жана калктын ден-соолугун сактоо максатында сатылып алынган.


Уран Ахметов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлү, Кыргыз Республикасындагы банктын туруктуу өкүлчүлүгүнүн кеңсе башчысы Кэндис МакДейганга Бишкек шаарындагы абанын сапатын ченөөнү жакшыртуу боюнча көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.


Көрсөтүлгөн жабдуулар Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология боюнча агенттигине берилет жана жаңы муундагы датчиктер өзүнө күн батареяларын, тышкы факторлордон коргой тургун экранды камтып, реалдуу убакыт режиминде абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин веб-сайтына жиберип турат.


Катуу бөлүкчөлөр (РМ1, РМ2.5, РМ10) жана азот кычкылын жабдуулар аркылуу өлчөө менен Бишкек шаарынын абасынын булганышынын негизги булактарын, анын ар кайсы райондорундагы калкына тийгизген таасирин аныктоого жардам берет. Натыйжада, бул абанын сапатын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн негиз болуп берет.


Буга катар абанын сапаты тууралуу маалыматтардын жарыяланышы абанын сапаты калктын ден-соолугуна тийгизген таасири жана анын себептери тууралуу маалымдар болуусун жакшыртуга көмөк берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

242