7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өкмөт «Жетим-Тоо» кени боюнча түшүндүрмөсүн жарыялады

270

Өкмөттүн «Жетим-Тоо» кени боюнча түшүндүрмөсү жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында берилет.


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жетим-Тоо» кени боюнча түшүндүрмөсү төмөндөгүдөй:


Нарын облусунда жайгашкан «Жетим-Тоо» кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатат. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт.


«Жетим-Тоо» кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт.


Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, «Жетим-Тоо» кениндеги Данга участкасын иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт. Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жушшаса болот.


Бул долбоорду ишке ашырууда, салыктарды төлөөдөн тышкары, жергиликтүү элдин кызыкчылыктары эске алынып, дүң кирешенин 2% Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.

Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

271