7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абдикарим Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу толугу менен токтотулду

804

Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу толугу менен токтотулганын президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Абал курчуп кетпөө үчүн тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирди.

“Учурда ок атуу толугу менен токтоду. Түнү менен болсо дагы чек арачылар, жергиликтүү бийлик менен менен жолугуп, чек арадагы чырдын чыгуу себебин аныктап, жергиликтүү тургундарга тынчтыкты сактоо боюнча жумуштарды алып барабыз. Лейлек районунун Максат айылынан жана Жаңы-Жер айылынан элдерди эвакуациялоого аракет кылдык. Учурда Чек арадагы кырдаал биздин көзөмөлдө турат. Дагы ок атышуу болушуна жол бербөө үчүн тиешелүү жумуштарды кылып жатабыз»,-деди Алимбаев.

Белгилей кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алып, саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Ок атышууда кыргыз аскери жарадар болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

805