12-апрель саат 23.15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп, саат 22.50дөн 23:16га чейин Баткен облусунун Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турушту.
Мындан тышкары, чыр-чатак орун алган жерге тажик тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын топтоп жатканы байкалган.
Күч структуралыры менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жеринде координациялоону Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов ишке ашырып жатат.
УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн баардык чараларды көрүүдө.