Лейлек районунда тажик тараптан ок атышуу окуясынан улам Баткен ОИИБдин өздүк курамы көтөрүлгөн «Айгайдын» негизинде башкармалыктын жетекчилиги менен биргеликте жерине барып абалды турукташтырууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов Тажик Республикасынын Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджуанов менен чек арада жолугуп, эки элдин ортосундагы коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Учурда милиция кызматкерлери аталган аймактарда кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо.
Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алып, 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. Кайталанган ок атышууда кыргыз жоокери жарадар болгон.
Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, сүйлөшүүлөр уланууда.