7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
19°C

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда эки адам ооруканага түштү

277

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда кыргыз эки аскери жаракат алган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, учурда бир жабырлануучу Лейлектеги ооруканада, алгачкы хирургиялык дарылоо жүргүзүлгөн, абалы орто.

Ал эми, экинчи жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, канааттандырарлык абалда болуп амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу орун алган.  Экинчи жолу ок атышууда кыргыз жоокери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, аймакта абал салыштырмалуу туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

278