7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек ара: Баткен ОИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

734

Баткен ОИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Белгилей кетсек, окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси милициянын полковниги Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.

Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

735