Баткенде жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунда 12-апрель күнү саат 19:20 чамасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.
Баткен облусу боюнча жалпысынан 644 жаран (53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар) убактылуу пункттарына жайгаштырылган, анын ичинен 50 тургун өз үйлөрүнө кайтышты.
Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына жайгаштырылган. Ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И.Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарына эвакуацияланды.
Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан област аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалган.