Жалал-Абад шаарына Мамлекеттик Материалдык резервдер фондунан дагы 13 тонна өсүмдүк майы келди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өсүмдүк майынын 5 литри 675 сомдон сатылууда. Бир адамга 5 литр май гана сатылат.
Дареги Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү 8 дарегинде жайгашкан. Муниципалдык базар. (Болжол: Строймаркеттин арт тарабы)