Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев өлкөдөгү соңку саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Президенттин Конституциялык сотко кайрылуусун колдой турганын айтты.
Анын айтымында, акыркы эки жумада өлкөнүн туруктуу жана ырааттуу өнүгүү нугун бузган окуялар орун алды. Бул жагдай президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан талаш-тартыштардан улам башталган.
Натыйжада 75 коомдук ишмердин кайрылуусу жарыяланып, айрымдары суракка чакырылып, кээ бирлери кармалган. Ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын орун басарлары кызматтан бошотулуп, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен кызматтан кеткен. Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко расмий кайрылуу жолдогон.
Абдыганы Эркебаев Конституциялык сот бул маселелер боюнча укуктук жактан так жана принципиалдуу чечим кабыл алат деген ишенимин билдирди. Анын пикиринде, соттун чечиминен кийин талаш-тартыштар токтоп, өлкө белгиленген тартипте президенттик шайлоого чейин тынч жана туруктуу өнүгүүсүн улантышы керек.
“Ар бир жарандын милдети — Конституцияны жана өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо. Улуттук биримдикти бекемдеп, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуу зарыл. Кырдаалды курчутуп, коомду бөлүүгө жол бербешибиз керек”, — деди Эркебаев.
Ал ошондой эле быйыл Кыргызстан үчүн эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чаралар өтө турганын эске салды. Алардын катарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана “Ысык-Көл” эл аралык форуму бар. Бул мезгилде дүйнө коомчулугунун көңүлү Кыргызстанга бурулуп турарын белгиледи.



