Канттын «Абдыш-Ата» клубу бүгүн 2023/2024 АФК Кубогунун интерзоналдык финалында «Тайчунг Футурого» (Кытайлык Тайбэй) каршы жооптук беттеш өткөрдү.
Оюн Гаосюндун «Наньцзы» стадионунда орун алды. 3-1 эсебинде «Абдыш-Атанын» оюнчулары жеңишке жетти.
Эскерте кетсек, канттык клуб турнирдин тайпалык баскычын ийгиликтүү жыйынтыктап, плей-оффко чыккан Кыргызстандын алгачкы клубу болду. «Абдыш-Ата» менен «Тайчунг-Футуронун» алгачкы беттеши 5-0 эсеби менен аяктаган эле.
Ошентип, аталган жуптун жеңүүчүсү — «Абдыш-Ата» клубу интерзоналдык финалга жолдомо алды. Анын потенциалдуу атаандаштары – «Одиша» (Индия) жана «Централ Кост Маринерс» (Австралия) эртең, 14-мартта жооптук беттеш өткөрөт. Аталган командалар интерзоналдык жарым финал алкагындагы биринчи беттеши 4-0 эсебинде австралиялык клубдун жеңиши менен аяктаган алган.
Интерзоналдык финалда биздин клуб 16 жана 23-апрелде ойнот. Бул жуптун жеңүүчүсү 5-майда өтө турган финалга жолдомо алат. Экинчи финалист болсо Батыш зонасынын финалдык оюндарында 24-апрелде аныкталат.