7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлер кармалды

342

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы, анын орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМКга Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн. Аталган фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында бөлүнгөн гранттарды сатып жаткан Ала-Буга айыл аймагынын жетекчилиги курулуш объектилерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери менен тил табышып, бүткөрүлө элек футбол аянтчасын жана маданият үйүн капиталдык оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 400 миң сомдук зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7 адам Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы, анын орун басары, Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын улук инспектору, Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси, «Кыргызбилдкомпани» ЖЧКсынын директорунун орун басары, “Эл-Эр” ЖЧКсынын директорунун орун басары жана курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү кармалып, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК тарабынан мындан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

343