7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аброр Хакимов Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын утту

562

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Аброр Хакимов Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Бүткүл Дүйнөлүк оюндарда алтын медалга татыды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 71 кг чейинки салмакта катышкан. Алтын медаль үчүн беттеште франциялык мушкерин жеңип, 1-орунду ээлеген.

Белгилей кетсек, Бүткүл Дүйнөлүк оюндары 20-октябрь күнү башталган. Жалпы 15 спорттун түрүнөн мелдештер өтүп жатат.

Кыргызстандын улуттук курама командасы карате, самбо, джиу-джитсу, грепллинг, казак күрөшү, “Алыш” белбоо күрөшү жана кикбоксинг боюнча катышты.

Мелдеш 30-октябрь күнү жыйынтыкталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

563