7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун тургундары менен жолугушту

701

Бүгүн, 16-апрелде президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Ноокен районунун 300дөн ашуун тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда аймактагы жалпы 60ка жакын маселелер көтѳрүлдү. Алардан жөлөк пул алуудагы кыйынчылыктар, жаңы конуштардагы коммуникациялык байланыштарды түзүү, ички жолдорду жакшыртуу, жазгы талаа жумуштарына жер семирткичтердин жеткиликтүүлүгү, ичүүчү жана сугат суу көйгөйлөрү айтылды.

Облус башчысы учурда бардык район-шаарларда жөлөк пул чегерүүнү текшерүүгө алган комиссия иш алып барып жатканын билдирди. Алдыда анын жыйынтыгынын негизинде кетирилген кемчилдиктерге мыйзамдуу баа берилээрин айтты. Мындан сырткары облуска жер семирткичтер алынып келингенин, бул багытта маселе жаралбасын кошумчалады.

Өкүл жыйында козголгон жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдү чечүүнүн мөөнөтүн коюп, айыл аймак башчыларына жана тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Жолугушуудагы ар бир маселенин аткарылуусу жеке көзөмөлүндө болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунда 145 миңден ашуун калк жашайт.

Эскерте кетсек, облус башчысынын эл менен жолугушуусу эртең, 17-апрель күнү, саат 10:00дө Сузак райондук мамлекеттик администрациясында өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

702