7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Мектептер сапатсыз салынса жоопко тартабыз

724

15-сентябрда 15 мектеп 1 бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Бишкекте курула турган мектептер тууралуу билдирүү таратты.

«Дагы бир чуу жаратып жаткан иш боюнча билдирип коёюн. Быйыл кышта жаңы конуштарды кыдырып чыктым. Мектептер жок.
Балдар шаарга келип окушат же жөө жалаңдап алыскы айылдарга барышат экен. Дароо 15 мектеп, бир бала бакча салуу чечимин кабыл алдым.

Тендер деген балекет 10 жылдан бери иштеп келе жаткан. Ошол тендер деген немеге жамынып алышып, буга чейинки салынган мектептердин бир квадратын 820 доллардан салып келишкен экен. Сапаты да начар болгон. Жалпы республика боюнча алганда миллиарддаган акчалар желип кеткен.

Мен адистерди чогултуп алып, өзүм эсептеп чыктым. Бүгүнкү күндө бир квадрат метрин 650 доллардан салса деле курулушчу пайда табат экен. Ошол себептен Мэрди дагы ал чогулушка катыштырып, 650 доллардан ашпаган баада салып, 15-сентябрда 15 мектеп 1 бала бакчанын ачылышын кылабыз деп планга киргиздик. Бул мектептердин салынышы жеке менин көзөмөлүмдө турат.

Иштин сапатын жана жүрүшүн тиешелүү мекемелер, адистер көзөмөлдөп турушат. Сентябрь эртең эле эле келет. Сапатын текшерип өткөрүп алабыз. Акча үнөмдөп сапатсыз салса жоопко тартабыз. Үнөмдөгөн акчасын 100 эсе кайтарабыз дегендей.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштар мектеп менен толук камсыз болушат. Буга бир жарым миллиард сом акча бөлдүк. Баса, жалпысынан алганда 60 миң квадрат метр курулуп жатат. Ар бир квадратынан 170 доллар айырма болгондо 10 миллион 200 миң доллар үнөмдөлдү. Эгер тендер “тең бер” деген балээ менен кеткенибизде бул сумма бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетмек.

Кечээ тендерди жойуу боюнча мыйзамга кол койдум. Бир айдан кийин күчүнө кирет. Мындан ары “тең бер” деп коррупциялашуу жолу менен эмес, коррупциясыз иш алып баруучу механизмдер ишке кирет. Ар бир кабыл алган чечимибизди жети өлчөп бир кесебиз. Эч кам санабаңыздар», — деп жазган мамлекет башчы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725