Эртең, 17-апрелде өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн 11…13 градус болсо, күндүз 27…29 градуска жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 24…27;
- Таласта түнкүсүн 6…14, күндүз 23…28;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 11…16 күндүз 25…30;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
- Нарындын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
- Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 3…8 градус болот.